Жаңылыктар

12.03.2025 09:30

   Кароолор: 122

ОШ ШААРЫНДА ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

Алдын ала маалымат боюнча, КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык саат 09:11де Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк, Таштак, Нариман, Кыргыз-Чек айылдарында 5 баллга чейин, Кара-Суу шаарында 4 баллга (Шарк айылынан 2 чакырым батышта, Кызыл-Кыштак айылынан 3 чакырым түндүк-чыгышта, Таштак 3 чакырым түндүк-батышта, Ош шаарынан 3 чакырым түндүктө, Нариман айылынан 4 чакырым түштүктө, Кара-Суу шаарынан 16 чакырым түштүк-батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Учурда тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу