Жаңылыктар

06.02.2025 17:01

   Кароолор: 553

ОШ ШААРЫНДА ТИЛСИЗ ЖООНУН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматы жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери шаарда өрт коопсуздугун камсыздоо үчүн алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө.

Негизинен шаар аймагында мыйзамсыз сакталган күйүүчү май саткан жайлар жана өрт коркунучу жогору болгон объекттер текшерилип жатат.

Текшерүү учурунда адистер объект ээлерине жана кызматкерлерине өрт коопсуздугунун негизги талаптарын түшүндүрүп, өрттүн алдын алуу боюнча эскертишти. Ошондой эле өрт өчүрүүчү жабдууларды туура пайдалануу, эвакуациялоо жолдорунун ачык болушу жана электр жабдууларын коопсуз колдонуу кеңештерин беришти.

Бул иш-чаралар жарандардын жана ишкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу, мүмкүн болгон өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында улантылат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу