Жаңылыктар
04.03.2025 19:04
Кароолор: 311
ОШ ШААРЫНДА ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫ БОЮНЧА САБАКТАР УЮШТУРУЛУУДА
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борборунун окутуучу курамы Ош шаарындагы Сулайман-Тоо улуттук археологиялык музей комплексинде бүгүн, 4-мартта өрт өчүрүү бөлүктөрүнө кызматка киришип жаткан талапкерлерге теориялык сабактар өткөрүлдү.
Катышуучуларга өрт-техникалык минимуму программасы боюнча да практикалык көндүмдөр уюштурулууда. Борбордун окутуулары угуучулардын кесиптик деңгээлдерин жогорулатуу максатында жана мындан ары да иш жүзүндө өрт-техникалык шаймандарын колдонуу, адамдар көп келген имараттардагы өрт коопсуздук талаптарын сактоо, өзгөчө кырдаал учурунда эвакуация иштерин уюштуруу жана тилсиз жоону өчүрүү ыкмаларын үйрөтүү менен алгачкы аракеттерди жасоо боюнча кеңири маалыматтар берилүүдө.
Окутууга жалпы 32 адам катышып жатат жана программага ылайык сабактар улантылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР