Жаңылыктар

28.11.2024 13:47

   Кароолор: 139

ОШ ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК РЕЗЕРВДИН КАМПАСЫНЫН ИШКЕ КИРГИЗИЛҮҮ АЗЕМИ ӨТТҮ

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Ош шаарында жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөн мамлекеттик резервдин кампасынын ишке киргизүү салтанаты болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Айтибаев Курбанбек Гаипбекович, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Мусаев Эрлан Эшбаевич баштаган курам жана башка коноктор катышты.

Кампаны ишке киргизүү республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана түштүк аймактардын социалдык жактан аялуу катмардагы калкын, алыскы тоолуу айылдардын тургундарын, ошондой эле күч түзүмдөрүн биринчи кезектеги маанилүү тамак-аш азыктары менен камсыз кылууга багытталган.

Ош шаарындагы жаңы кампа 4 000 чарчы метр аянтты түзөт. Анын ичинен 2 000 чарчы метри Министрлер Кабинетинин тескемеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына 2 жыл 11 ай мөөнөткө пайдаланууга берилген. Кампанын калган бөлүгү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалып, ишке киргизилди.

Учурда кампада 1-сорттогу ун, кумшекер, өсүмдүк майы жана консерваланган эт азык-түлүктөрү сакталууда. Кампанын негизги максаты — өзгөчө кырдаалдардын жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча биринчи кезектеги маанилүү иш-чараларды камсыз кылуу жана гуманитардык жардам көрсөтүү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу