Жаңылыктар
25.02.2025 19:55
Кароолор: 102
ОШ ШААРЫНДА КООПТУУ АЙМАКТА ЖАШАГАН 63 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
2025-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын Сулайман-Тоо жана Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыктарына караштуу Ленин, Ош жана Бабараимов көчөлөрүндө жардын урап кетүү коркунучу бар 63 турак жайдын ээлерине атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
2018-жылы аталган аймактарда жардын урап кетүү коркунучу аныкталып, жергиликтүү бийлик жашоочуларды коопсуз жайга көчүрүү боюнча сунуш кылган. Бирок, тургундардын көчүүсү толук аткарылбай калган. Өкмөткө караштуу кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери учурунда жардын урап кетүү коркунучу күчөп жаткандыгы, өмүрү жана мүлкү үчүн коркунуч туулушу мүмкүн экени айтылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР