Жаңылыктар

24.10.2025 10:55

   Кароолор: 62

ОШ ШААРЫНДА ДҮЙНӨЛҮК БАНК МИССИЯСЫ KG RESILAND ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА ПОТЕНЦИАЛДУУ ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Дүйнөлүк банктын «Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү (KG RESILAND)» долбоорунун аткарылышын мониторингдөө боюнча миссиясынын үчүнчү күнү Ош шаарында аймактык администрациялардын жана өзүнүн продукциясын өндүрүүгө жана илгерилетүүгө кызыкдар болгон потенциалдуу өндүрүүчүлөрдүн катышуусунда жолугушуу болуп өттү.

 

50дөн ашуун потенциалдуу өндүрүүчүлөр «Бир айыл — бир продукт (ОСОП+1)» демилгесинин ишмердигин кеңейтүү, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн жана долбоорго катышуу жолдорун талкуулашты. ОСОП+1 менен мурдадан бери иштешип келген өндүрүүчүлөр өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, кирешелеринин жана ишмердүүлүктөрүнүн туруктуулугу жогорулаганын белгилешти.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү иштеп жаткан ОСОП+1 программасы тааныштырылды. Демилгенин негизги максаты — жергиликтүү калкты мобилизациялоо аркылуу экономикалык жыргалчылыкты жана долбоор аймактарындагы коомдордун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу.

 

Катышуучулар ОСОП+1 демилгесин мындан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн, ишкердикке кызыккан аялдар менен жаштарды колдоо механизмдерин, ошондой эле өндүрүүчүлөр ортосунда тажрыйба алмашуу жолдорун талкуулашты. Жолугушууга Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчилиги, ошондой эле ОСОП+1 менен кызматташууга жана өз бизнесин өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирген аял ишкерлер катышты.

 

Миссиянын алкагында Ош шаарындагы «Бир айыл — бир продукт» дүкөнүнө да сапар уюштурулду. Коноктор демилге алкагында өндүрүлгөн продукциялардын ассортименти менен таанышып, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү бириктирген ассоциациянын ишмердиги тууралуу кеңири маалымат алышты. Катышуучулардын айтымында, дүкөндүн иш тажрыйбасы жана маркетингдик модели башка коомдордун өкүлдөрүн да ушундай ишти өнүктүрүүгө шыктандырды.

 

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу