Жаңылыктар
10.07.2025 16:54
Кароолор: 30
ОШ ШААРЫНДА АРЫКТАРДАН СУУ АШЫП, КӨЧӨЛӨРДҮ КАПТАДЫ ЖЕРИНДЕ ӨКМдин 80 КУТКАРУУЧУСУ ИШ АЛЫП БАРУУДА
Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суулар арыктардан ашып, борбордук көчөлөрдү каптаган.
Тактап айтканда, Навои көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн, Чкалов көчөсүндө жайгашкан Ош облустук архивинин имаратынын жана Курманжан Датка көчөсүндөгү №1 үй-бүлөлүк бейтапканасынын жертөлөлөрүн суу каптаган. Ошондой эле 3 турак үйдүн ичине суу кирип, 1 үйдүн жер төлөөсүн, 1 үйдүн короо жайын каптаган. Ал эми 9 адам коопсуз аймакка көчүрүлгөн.
Жерине ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын ыкчам тобу, Куткаруу кызматынан жана №13, №12 өрт-куткаруу бөлүктөрүнөн жалпы 80 куткаруучу тартылып, ыкчам аракеттерин көрүшүүдө.
Баса белгилесек, шаардын айрым көчөлөрүндө арыктар тазаланбай таштандыларга толуп, суу каптаган. Мындан улам жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоолдук жаралган. Учурда ӨКМ куткаруучулары гана арыктарды тазалап, суунун нугун буруу иштерине чыгышты.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен сел-каналдарын, арыктарды тазалап, суу каптоолордун алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча тиешелүү тараптарга бир канча ирет эскертүүлөр жөнөтүлгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР