Жаңылыктар
19.10.2025 08:25
Кароолор: 493
ОШ ШААРЫНДА 8 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ӨРТ ӨЧҮРҮҮДӨ
Ош шаарынын Маматисаков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 06:34тө Ош шаардык №13 АӨКБдан 1, кошумча саат 07:00дө Ош шаардык №13 АӨКБдан 1, саат 07:08де Ош шаардык №12 ӨКБдан 2, саат 07:08де Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана 1 автошаты жөнөтүлгөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө кошумча саат 07:23тө Ош шаардык №13 АӨКБдан 1 жана 1 автошаты, саат 07:29да Ош шаардык №109 ӨКБдан 1, саат 07:33тө Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, саат 07:38де Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп ККББдан ыкчам топ тартылган.*
Учурда ӨКМден 8 бөлүм, 2 автошаты, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылган.
Мындан сырткары жерине кошумча ИИМден, тез жардам кызматынан жана РЭТтин кызматкерлери жөнөтүлгөн. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР