Жаңылыктар

18.07.2024 09:20

   Кароолор: 562

ОШ: СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА ӨКМден 378 КУТКАРУУЧУ ТАРТЫЛДЫ

Бүгүн, 18-июль күнү Ош облусундагы селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМден 45 техника, 378 куткаруучу, 19 мотопомпа тартылды.

Ал эми жарандарга 17-июль күнү, 74 тонна суу жеткирилди. Бүгүн да таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2 өрт өчүрүүчү авто унаа иштеп жатат.

Ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 770 кызматкер тартылды. Коомдук коопсуздукту сактоодо 71 ИИМ кызматкери тартылды.

Белгилей кетсек, кечээ 17-июль күнү селден жабыркаган Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка жана Манас айыл аймагында сел кирген турак үйлөр толук тазаланып бүткөрүлдү.

Бүгүн, 18-июль күнү райондун Мады жана Баш-Булак айыл аймактарында турак үйлөрдү тазалоо жумушу уланат.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу