Жаңылыктар

17.03.2025 12:54

   Кароолор: 1142

ОШ: СЕЛ ЖАНА СУУ ТАШКЫНДАРЫНЫН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Ош облусунун аймагында сел жана суу ташкындарынын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Бул иш-чаралар “Кызыл-Ай” коому менен биргеликте аткарылып, сел каналдарын жана тосмолорду тазалоого керектүү күйүүчү май бөлүнүп берилди.

Жалпы 1690 метр сел каналы жана тосмолор тазаланып, бул иштер Кара-Суу, Алай, Ноокат райондорунда жүргүзүлдү. Мады айыл аймагындагы “Ачы” сел каналы, Терек, Кайрагач жана Куу-Майдан айылдарындагы сел каналдары жана тосмолор тазаланды.

Бул аракеттер аймактагы калкты жана инфраструктураны сел коркунучунан сактоо, табигый кырсыктардын алдын алуу максатында жүргүзүлдү. Иш-чаралар 2025-жылдын 12-14-март күндөрү Чүй облусунда өткөн республикалык командалык-штабдык машыгуунун алкагында аткарылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу