Жаңылыктар
18.07.2024 15:37
Кароолор: 806
ОШ: СЕЛ СУУСУ КИРГЕН 906 ТУРАК ҮЙДҮН 794ү ТАЗАЛАНДЫ
18-июлга карата ӨКМдин куткаруучулары жана Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан сел суусу кирген жалпы 906 турак үйдүн 794ү толук тазаланып бүттү.
Алсак:
- Ош шаарында 182 үй толугу менен тазаланды;
Кара-Суу районунун Датка, Мады, Баш-Булак, Манас айыл аймагындагы жалпы 724үйдүн 612си сел калдыктарынан тазаланды.
Учурда саат 12:00гө карата, Кара-Суу районунун Мады жана Баш-Булак айыл аймагындагы турак үйлөрдү тазалоого ӨКМден 378, Ош шаарына 7 жалпы 385 куткаруучу тартылган. Ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынын 770 жумушчусунун 412си тазалоо ишине көмөктөшүүдө.
Жеринде ӨКМдин 50 инженердик жана атайы техникасы, Жарандык коргонуу кызматтарынан 43 техника тартылып, тазалоо жумушу жүрүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР