Жаңылыктар

16.07.2024 16:20

   Кароолор: 592

ОШ: СЕЛ КЫРСЫГЫНЫН СЕБЕПТЕРИ ИЗИЛДЕНҮҮДӨ

 

Кара-Суу районунда катталган сел кырсыгынын кесепеттерин жоюу иш-чарасы бүгүн да уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, райондук Жарандык коргонуу кызматтары, ыктыярдуу элдик кошуун тазалоо жумуштарын колго алышкан.

Мындан сырткары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин КжАКБнын башчысы полковник А.Сулайманов, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти адистери менен биргеликте катталган сел кырсыгынын себептерин аныктоо иштери жүрүүдө.

Сел келген учурда турак жайларга жана ички чарбалык жолдорго, көпүрөлөргө кооптулук жараткан Ачы-Сай, Торгой-Булак, Беш-Мойнок сел сайларынын жээктерин бекемдөө, калыбына келтирүү жумуштары инженердик техникалардын жардамында жүргүзүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу