Жаңылыктар
28.06.2024 22:39
Кароолор: 327
ОШ: СЕЛ КАПТАГАН НООКАТ РАЙОНУНДА КУТКАРУУЧУЛАР КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ИШТӨӨДӨ
Көк-Жар айыл аймагынын Алашан айылынын Найман сел сайына сел түшүп, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун болжол менен 65-чакырымында Найман көпүрөсүн сел суулары басып, 16:30 чамасында жол эки тараптуу жабылган. Унаа жолдо боложол менен 300дөй унаа туруп калган.
Н.Исанов айыл аймагыны Тескей-Кожоке айылынын Алчалуу сайына сел түшүп, болжол менен 10-15 турак үйдүн короолоруна, 1 мектепке чейинки билим берүү мекемесине сел суулары кирген. Кара-Булак айылында сайдын жээгиндеги 1 унааны агызып кеткен, Кош-Чан дарыясында 1 ички чарбалык көпүрөнү сел суулары алып кеткен.
Гулистан айыла аймагыны: Тажик-Кыштак айылында Чили-Сай сел сайына сел түшүп, 7-8 турак үйдүн короо сарайларына сел суулары кирип, аталган сайдын көпүрөсүнүн астына сел суулары толуп калган.
Издеп-куткаруу жана тазалоо иштерине ӨКМдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР