Жаңылыктар
15.07.2024 10:58
Кароолор: 323
❗️ОШ: СЕЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ
Алдын ала маалымат боюнча 14-июль күнү, катталган селдин кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу району боюнча жалпы 3 айыл аймакта тактап айтканда Мады, Датка, Баш-Булакта:
- 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП);
- 642 турак үйгө суу кирген.
Ош шаары боюнча:
- 1 соц. обьект (1 бала бакча);
- 146 турак үйгө сел суусу кирген.
Жеринде тактоо иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР