Жаңылыктар
17.07.2024 09:20
Кароолор: 694
ОШ: СЕЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ
Бүгүн, 17-июль күнү Ош облусундагы селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМден 44 техника, 379 куткаруучу тартылды.
Алсак облустун Кара-Суу районунда 370 куткаруучу 15 инженердик, 24 атайы техника, 19 мотопомпа менен селдин калдыктарын тазалоодо.
Ал эми Ош шаарында 25 куткаруучу 5 инженердик техника менен иш алып барууда.
Белгилей кетсек, 16-июль күнү Кара-Суу районунда суу кирген 718 турак үйдүн 602си тазаланып бүттү.
Ош шаарынын Төлөйкөн жана Жапалак айыл аймактарында 183 турак үйгө, 2 социалдык объектиге,10 эс алуу жайына жана борбордук базардын 785 соода түйүнүн сел суусу кирген.
кече жалпы 168 турак жай, 2 соц. объект тазаланып, 140м/куб сел калдыктары чыгарылып, 9 миң метр кв дезинфекциаланды.
Селдин кесепеттерин жоюуга жергиликтүү тургундар, соодагерлер жана Жарандык коргонуу кызматтары да иш алып барышты.
Маселен Ошто 181 жумушчу, 9 инженердик техника, Кара-Сууга 491 кызматкер тартылган.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР