Жаңылыктар
28.10.2024 12:58
Кароолор: 754
ОШ-САРЫ-ТАШ-ЭРКЕШТАМ УНАА ЖОЛУНУН 184-ЧАКЫРЫМЫНАН 250-ЧАКЫРЫМЫНА ЧЕЙИН ЖОЛ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫК
Ош облусунун Алай районунун Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунда кар жаап, бороон болгонуна байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, саат 12:00дөн тартып Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 184-чакырымынан 250-чакырымына чейин (Сары-Таш айылынан Нура айылына чейин) унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР