Жаңылыктар

28.10.2024 16:38

   Кароолор: 787

ОШ-САРЫ-ТАШ-ЭРКЕШТАМ УНАА ЖОЛУНДА ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ

Аба-ырайы турукташкандыгына байланыштуу Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолундагы чектөө саат 15:00дө алынып, жол ачылды.

Белгилей кетсек, Ош облусунун Алай районунун Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунда кар жаап, бороон болгонуна байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, саат 12:00дөн тартып Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 184-чакырымынан 250-чакырымына чейин (Сары-Таш айылынан Нура айылына чейин) унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу