Жаңылыктар

14.11.2024 10:18

   Кароолор: 319

ОШ – САРЫ-ТАШ – ЭРКЕЧ-ТАМ ЖОЛУНА УНААЛАРДЫН БАРДЫК ТҮРҮНӨ ЧЕКТӨӨ КИРДИ

Бүгүн саат 09:30дан тартып Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолунун 170-чакырымынан 200-чакырымына чейинки (Ак-Босого айылынан Сары-Таш айылына чейин) тилкесинде унаалардын баардык түрү үчүн чектөө киргизилди.

Унаа жолдо кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана мындан ары жол тыгындарын болтурбоо максатында №960 Жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча убактылуу жабылды.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу