Жаңылыктар

14.11.2024 15:13

   Кароолор: 623

ОШ – САРЫ-ТАШ – ЭРКЕЧ-ТАМ ЖОЛУ ЖЕҢИЛ УНААЛАР ҮЧҮН АЧЫЛДЫ

Ош облусундагы Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там унаа жолунун 170-чакырымынан 200-чакырымына чейинки (Ак-Босого айылынан Сары-Таш айылына чейин) тилкеси унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 13:50дөн тартып, жеңил унаалар үчүн ачылды.

Унаа жолдо кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана мындан ары жол тыгындарын болтурбоо максатында №960 Жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча бүгүн саат 09:30дан баштап убактылуу жабылган.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу