Жаңылыктар
14.11.2024 18:02
Кароолор: 365
ОШ – САРЫ-ТАШ – ЭРКЕЧ-ТАМ УНАА ЖОЛУ ТОЛУК АЧЫЛДЫ
Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там унаа жолунун 170-чакырымынан 200-чакырымына чейинки (Ак-Босого айылынан Сары-Таш айылына чейин) тилкесине унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 17:00дө толук алынды.
Унаа жолдо кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана мындан ары жол тыгындарын болтурбоо максатында №960 Жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча бүгүн саат 09:30дан баштап убактылуу жабылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР