Жаңылыктар

23.03.2026 12:05

   Кароолор: 9

ОШ: ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН ТАПШЫРМАСЫ МЕНЕН АК-БУУРА ДАРЫЯСЫ ТАЗАЛАНУУДА

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда.

2026-жылдын 22-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында аталган дарыянын тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан зарыл болгон бардык күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө бөлүнгөн.

Жыйынтыгында Ак-Буура дарыясынын 17 чакырым аралыгы таштандылардан толук тазаланып, тийиштүү тартипке келтирилет.

Министр кызматкерлерге ишти ыкчам, сапаттуу жүргүзүүнү жана өз үйлөрүндөй мамиле жасап, жоопкерчилик менен иштөөнү тапшырды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу