Жаңылыктар

23.12.2024 10:55

   Кароолор: 307

ОШ: ӨЗГӨНДӨ ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ

Бүгүн Ош облусунунӨзгөн районунун Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 08:05те Өзгөн райондук №53 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 08:12де Өзгөн райондук №53 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.

Кошумча саат 08:30да Өзгөн райондук №103 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт 09:03тө чектөөгө алынды.

Өрттүн кесепетинен жалпы 4 жаран ооруканага түшүп, анын ичинен 3 жашар бала каза болду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу