Жаңылыктар
17.12.2024 12:01
Кароолор: 129
ОШ: ӨЗГӨНДӨ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
2024-жылдын 16-декабрында Өзгөн районунун Жазы айыл аймагындагы Токтогул айылында жайгашкан Дүйшөнкул Шопоков атындагы №40 орто мектебинде өрттүк-тактикалык окуу ийгиликтүү өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында мектептин 13 мугалими жана 170 окуучусу өрт кырсыктарынын алдын алуу жана өрт учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери боюнча маалымат алышты. Өрт өчүрүүчү автоунаанын жабдуулары жана иштөө тартиби практикалык түрдө көрсөтүлдү. Окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго так жоопторду алып, өрт коопсуздугунун маанилүүлүгү боюнча түшүнүктөрүн кеңейтишти.
Бул иш-чара өрттүк-тактикалык даярдыкты жогорулатуу жана тургундардын коопсуздугун алдын алат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР