Жаңылыктар
09.02.2025 10:07
Кароолор: 340
ОШ: ӨЗГӨН ШААРЫНДАГЫ ӨРТ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЧҮРҮЛДҮ
Бүгүн, 2025-жылдын 9-февралы, Ош облусу, Өзгөн району.
Түнкү саат 03:22де Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган өрттү өчүрүүгө Өзгөн райондук №53 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн (ӨКБ) 1 бөлүм тартылып, саат 05:03тө кошумча күч катары Өзгөн райондук №103 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 6 бөлүм тартылган.
Өрттүн кесепетинен “Аура” тамактануучу жайынын жана райондук аскердик комиссариаттын (военкоматтын) кампа имаратынын чатыры күйгөн.
Өрт саат 10:00дө толугу менен өчүрүлгөн. Жалпы күйгөн аянт болжол менен 700 чарчы метрди түзгөн.
Өрттөн жабыркаган жарандар катталган жок. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР