Жаңылыктар
09.02.2025 05:42
Кароолор: 677
ОШ: ӨЗГӨН ШААРЫНДА ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ
2025-жылдын 9-февралы, Ош облусу, Өзгөн району.
Бүгүн түнкү саат 03:22де Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Өзгөн райондук №53 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн (ӨКБ) 1 бөлүм тартылып, саат 05:03тө кошумча күч катары Өзгөн райондук №103 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 6 бөлүм тартылган.
Өрттүн кесепетинен “Аура” тамактануучу жайынын жана райондук аскердик комиссариаттын (военкоматтын) кампа имаратынын чатыры күйгөн. Учурда Кыргыз Республикасынын Кризистик кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы окуя болгон жерде.
Өрт саат 05:23тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Өрттөн жабыркаган жарандар катталган жок. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Толук маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР