Жаңылыктар
21.04.2025 11:20
Кароолор: 156
ОШ: ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРГА ДАЯРДЫК КҮЧӨТҮЛДҮ
Жаз жана жай мезгилдеринде күтүлүп жаткан жаан-чачын жана жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан алдын ала даярдык иш-чаралары өткөрүлдү.
Аба ырайынын бузулуп, нөшөрлөп жааган жамгырлардын кесепетинен болушу мүмкүн болгон сел жана суу ташкындарына каршы өздүк курамдын күч каражаттары жана куткаруу шаймандары текшерүүдөн өткөрүлүп, тиешелүү жабдуулар – күрөк, мотопомпа, резина өтүк, өздүк коргонуу кийимдери жана башка шаймандар толук даяр абалга келтирилди.
Бул иш-чаранын негизги максаты – өзгөчө кырдаал учурунда куткаруучулардын ыкчам аракеттенүү жөндөмүн жогорулатуу, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл ресурстар менен камсыздоо жана адам өмүрүн, жарандардын турмушун коргоо болуп саналат.
“Айгай” сигналы жарыяланган учурда куткаруучулар бөлүктөн 40 мүнөттүн ичинде чыгып кетүүгө тийиш. Облустагы жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары дагы толук такталып, бүгүнкү күндө толук даяр абалда турат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР