Жаңылыктар
04.12.2024 15:19
Кароолор: 124
ОШ: ӨРТТҮК-ТАКТИКАЛЫК ОКУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
2024-жылдын 4-декабрында Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык аймагындагы Ормокеев атындагы орто мектебинде өрттүк-тактикалык окуу уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында мектептин 12 мугалими жана 65 окуучусу өрт өчүрүүчү автоунаанын жабдуулары менен таанышып, өрт өчүрүү иштери боюнча практикалык көрсөткүчтөргө күбө болушту. Күжүрмөн жайылуу боюнча көрсөтүлгөн практикалык иш-чаралар өрт коопсуздугун сактоо жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү максатында өткорүлдү.
Бул окуу билим берүү мекемелериндеги коопсуздук маданиятын жогорулатууга жана өрттүн алдын алуу боюнча практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүүгө багытталган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР