Жаңылыктар
03.06.2025 16:24
Кароолор: 192
ОШ: ӨРТТӨН БИР ЖАРАН ЖАБЫРКАДЫ
Бүгүн Ош шаарынын 218-кварталынында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 13:53тө Ош шаардык №12 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 14:08де 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.
Өрт саат 16:12де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 64 жаштагы Р.А. аттуу эркек киши бетинен жана колунан күйү алган, абалы туруктуу. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
ӨКМ өрт коопсуздук эрежени сактоону эскертет!
Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР