Жаңылыктар

10.10.2024 09:21

   Кароолор: 241

ОШ: ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

Кечээ, 9-октябрда Кара-Суу районунда жайгашкан ЖЧК "Кашкар Коттон текстиль" ишканасында ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгы жана Кара-Суу районунун Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте өрт-тактикалык машыгуу өттү.

Маалымат түшөөр замат Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнүн күжүрмөн даярдыкта турган 2 өрт өчүрүүчү автоунаа жана Нариман айылдык ӨККБнүн авариялык-куткаруу авто унаалары тартылып, аталган жерге 8 мүнөт аралыгында жетип келип, өрт 6 10 мүнөттө толугу менен өчүрүлдү.

Белгилей кетсек, ушул сыяктуу машыгуулар облус аймагында байма-бай уюштурулуп келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу