Жаңылыктар
31.01.2025 14:44
Кароолор: 252
ОШ: ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЖАНА ӨРТ ӨЧҮРҮҮ ШАЙМАНДАРЫН КОЛДОНУУ ТУУРАЛУУ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ
Бүгүн, 31-январь күнү Алай району боюнча ӨКБнүн офицерлери райондук билим берүү бөлүмүнүн имаратында агартуу тармагынын башчылары менен жолугушуу өткөрдү. Өрт кырсыктарын алдын алуу максатында ыкчам план жана ыкчам карточкаларын түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошону менен бирге өрт кырсыгы болгондо алгачкы өрт өчүрүү шаймандарын иштетүүнүн ыкмалары жана көрүлүүчү чаралар боюнча лекция уюштурулду.
Мындан сырткары, Гүлчө айыл өкмөтүнүн Курманжан-Датка айылынын жашоочуларына өрттүн алдын алуу багытында эскертүү баракчалары таркатылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР