Жаңылыктар
22.08.2025 12:39
Кароолор: 127
ОШ: ӨРТ КАТТАЛГАН ТУРАК ҮЙДӨН 168 АДАМ ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ
2025-жылдын 22-августунда Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 5-кабатынан өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Өрттү өчүрүү иштерине саат 09:51де Ош шаардык №13 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1, кошумча саат 10:04тө дагы 1 күжүрмөн эсеп жана авто шаты тартылган. Жалпы 2 күжүрмөн эсеп иш алып барууда.
Мындан тышкары, саат 10:30да Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылды.
Өрт саат 10:46да чектөөгө алынып,11:47де толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 40 ч.м. түзүп, жалпы 168 адам эвакуацияланган. Жабыркагандар жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР