Жаңылыктар

06.05.2024 16:16

   Кароолор: 220

ОШ: ӨКМде МАЙРАМДЫК СПОРТТУК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

9-май Улуу Жениш күнүнө карата Ош шаарындагы Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында спорттук мелдеш өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – өздүк курам ортосундагы достук мамилени чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана ден соолугун бекемдөө. Куткаруучулар арасында кичи футбол, волейбол, чуркоо, гиря көтөрүү боюнча таймашып, күчтүүлөрү алдыга озушту.

Жеңүүчүлөр отряд командиринин атынан ардак грамота менен сыйланышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу