Жаңылыктар

25.11.2023 09:57

   Кароолор: 462

ОШ: ӨКМДе МАЙРАМДЫК СПОРТТУК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Быйыл КР ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынынын түзүлгөндүгүнө 50 жыл толду. Бул датанын урматына карата 2023-жылдын 23-24 ноябрь күндөрү Ош шаарындагы Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында спорттук мелдеш өткөрүлдү.

Иш-чара Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түштүк аймагында жайгашкан түзүмдүк бөлүктөрүнүн өздүк курам ортосундагы достук мамилени чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана ден-соолугун бекемдөө максатында өттү.

ӨКМдин аскер кызматкерлери 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку жаш курагы боюнча таймашып, жеңүүчүлөр атайын медаль, кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Кичи футбол боюнча уюштурулган мелдеште

1- орунду КР ӨКМдин ОШ шаары боюнча башкармалыгы,

2- орунду КР ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматы багындырып,

3-орунду РӨКОнун Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отряды ээледи.

Ал эми волейбол боюнча

1 - орунга КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы,

2-орунга КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгы жетсе,

3- орунду КР ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматы ээ болду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу