Жаңылыктар
29.10.2024 18:54
Кароолор: 310
ОШ: ӨКМ ЖООКЕРЛЕРИН ҮЙЛӨРҮНӨ УЗАТТЫ
Ошто ӨКМдин Республикалык өзунчө куткаруу отрядында жана түзүмдүк бөлүктөрдө жоокерлерди салтанаттуу узатуу аземи болуп өттү.
Республикалык өзунчө куткаруу отрядында жана анын түзүмдүк бөлүктөрүндө 2023-жылдын күзгү жаш толуктоолорунун мөөнөттүү аскер кызматкерлери бир жылдык мөөнөттүү аскердик кызматын ийгиликтүү аяктап, 2024-жылдын 29-октябрь күнү салтанаттуу түрдө узатуу аземи менен райондук жана шаардык аскер комиссариаттарына каттоого туруу үчүн жиберилди.
Ошондой эле, кызмат өтөгөн жоокерлер арасында жогорку билими бар атайын бир айлык жыйындан өткөн жоокерлерге запастагы лейтенант аскердик наамы ыйгарылып, кызматтык милдетин үлгүлүү аткарган жоокерлерге жетекчилик тарабынан сыйлык, ата-энелерине ыраазычылык кат жиберилди.
Андан тышкары 4 жоокер өз каалоосу менен контракттык негизде кызмат өтөөгө калтырылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР