Жаңылыктар
01.11.2023 10:47
Кароолор: 923
ОШ: ӨКМ АЙДООЧУЛАРГА КЫРСЫКТЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗДҮ
2023-жылдын 31-октябрынан 2-ноябрына чейин өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө.
Ага байланыштуу КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери алыскы жол каттамына чыгуучу айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелишин, дөңгөлөк чынжырчаларын ала жүрүү зарылдыгын, мүмкүн болсо узак сапарга чыкпай турууну эскертип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР