Жаңылыктар
27.09.2023 17:44
Кароолор: 362
Ош облусунун жаш куткаруучулары мелдеште күч сынашууда
Ош облусунун Кара-Суу районунун №139 К. Эрматов мектебинде "5-октябрь - Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө" карата жарыяланган бир айлыктын алкагында, ӨКМдин Ош облсусу боюнча башкармалыгынын Кара-Суу райондук ӨК бөлүмү тарабынан облустун билим берүү мектептер арасында “Жаш куткаруучу” сынагы өткөрүлдү.
Сынакта жалпы 6 команда катышып, мелдеш атайын жободо көрсөтүлгөн эрежелер боюнча өтүп жыйынтыгында:
1-орун Алай районунун А.Тукеев атындагы орто мектебинин “Ак-Шумкар”
2-орун Ноокат районунун Көркөм эстетика орто мектебинин “Ак-Шумкар”
3-орун Чоң-Алай районунун А.Саит атындагы орто мектебинин “Жалын” командалары ээлеп, сыйлыктар тапшырылды.
1-орунду алган “Ак-Шумкар ” командасы Бишкек шаардында өтүүчү “Жаш куткаруучу” мелдешине катышууга жолдомо алышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР