Жаңылыктар
15.05.2025 19:15
Кароолор: 226
ОШ ОБЛУСУНУН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ТУТУМУНУН ИШИН КОМПЛЕКСТҮҮ БААЛОО УЛАНУУДА
Бүгүн, 15-майда комплекстүү баалоонун алкагында ӨК министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов Ноокат районунун Жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгын текшерди.
Текшерүүгө жалпы 25 Жарандык коргонуу кызматы катышты.
Жыйынтыгында Ноокат райондук Жарандык коргонуу жаатындагы аткарылган иш аракеттер “жакшы” деп бааланды .
Белгилей кетсек, Ош облусунун Жарандык коргонуу тутумунун абалын комплекстүү текшерүү иштери 2025-жылдын 14-16-май күндөрү жүргүзүлөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР