Жаңылыктар
16.05.2025 17:01
Кароолор: 137
ОШ ОБЛУСУНУН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ТУТУМУН БААЛОО ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Бүгүн Президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Жарандык коргонуу тутумунун ишин комплекстүү баалоо жыйынтыкталды.
Жыйынга Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары,генерал-майор Урматбек Шамырканов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курманбек Айтибаев катышты.
Комплекстүү баалоо Жарандык коргонуунун 2025-жылга карата даярдык планынын негизинде уюштурулду.
Анын тутумунун ишин, иш-мерчемдерин текшерүү, жетекчилик курамын Жарандык коргонууга даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР