Жаңылыктар

14.10.2024 09:41

   Кароолор: 167

ОШ ОБЛУСУНУН ӨЗГӨН РАЙОНУНДА ЖЕР ТИТИРЕДИ

Сейсмология институтунун берген такталган маалыматына ылайык саат 08:25те Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Чымбай, Бакмал, Мырза-Аке, Куршаб, Кароол, Шералы айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 балл, Мырза-Арык айылында 3,5 баллга (Кароол айылынан 30 чакырым түштүк батышта, Мырза-Арык айылынан 3 чакырым чыгышка, Чымбай айылынан 5 чакырым түштүк батышта, Куршаб айылынан 7 чакырым түштүк батышта, Салам-Алик айылынан 30 чакырым түштүк чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 32 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу