Жаңылыктар

20.02.2025 14:17

   Кароолор: 507

ОШ ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНДАГЫ ООРУКАНАЛАРДЫН ӨРТ КООПСУЗДУГУ ТЕКШЕРИЛДИ

Кечээ, 19-февраль күнү ӨКМдин алдындагы Өрт көзөмөл кызматынын инспекторлору жана Кара-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу райондук аймактык ооруканасында өрт коопсуздугу боюнча ченемдеринин,эрежелеринин,талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ооруканада сырткы жана ички өрткө каршы суу булактары камсыздалбагандыгы,өрттү кабарлоочу автоматтык жабдыктар менен камсыздалбагандыгы жана бир катар режимдик мүнөздөгү өрт коопсуздук иш-чараларынын аткарылбагандыгы аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргузүлдү. Жогорудагы өрт коопсуздугун жоюуга акт түзүлүп, эскертме берилди.

Ушул эле иш чара Алай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунунда өттү.

Текшерүү жыйынтыгында, аталган медициналык мекемелерде орун алган кемчиликтерди 30 күндүн ичинде жоюу боюнча эскертүүлөр жазуу түрүндө берилди.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу