Жаңылыктар
23.04.2024 11:00
Кароолор: 80
ОШ ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНДА СААТ 11:00гө КАРАТА МААЛЫМАТ
Кара-Кулжа райондук № 66 ӨККБдөн 9 куткаруучу Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылына АСМ автоунаасы менен тазалоо иштерине тартылды .
Аталган ӨКБдан 5 куткаруучу Ылай-Талаа айыл аймагынын Кара-Кочкор айылына тазалоо иштерине чыгышты.
Ошондой эле 5 куткаруучу Ылай-Талаа айыл аймагынын Ак-Кыя айылына тазалоо иштерине жөнөтүлдү.
Өзгөн райондук №53 ӨКБдан 10 куткаруучу Кызыл-Дыйкан айылына тартылды.
Ал эми 9 куткаруучу Жылалды айылына тартылды.
Кароол аймагынын Өзгөн райондук №53 ӨКБдан 10 куткаруучу Мырза-Арык айылына чыгышты.
Алай районунун Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылына селдин кесепеттерин жоюуга АСМ автоунаасы менен 4 куткаруучу тартылды .
Мындан сырткары жабыркаган ички чарбалык жолдорду тазалоо иштерине ӨКМден 1 экскаватор жана 1 самосвал, айыл өкмөттөн 1 жүктөгүч 1 самосвал, Суу чарба башкармалыгынан 1 самосвал тартылып, иш алып барууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР