Жаңылыктар
08.04.2025 13:45
Кароолор: 174
ОШ ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК САБАКТАР ӨТТҮ
Бүгүн ӨКМдин Ош облустук башкармалыгы тарабынан Араван районунун №5 Төлөн Исмаилов атындагы орто мектебинде жана Алай районунун Муса Адышев атындагы мектеп гимназиясында өрт-тактикалык сабактар өттү.
Алгач билим берүү мекмесинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, жерине өрт өчүрүү жана куткаруучулар тартылып, имараттагы мектеп окуучуларын коопсуз жайга эвакуциялап, күйүк алган окуучуларга биринчи жардам көрсөтүлүп, коопсуз жайга чыгарылды.
Өздүк курам тарабынан мектеп окуучуларына жана мугалимдерге өрт өчүрүү шаймандары жана техникалар тууралуу маалыматтар айтылып, өрт кырсыгынан сак болуу керек экендиги эскертилиди.
Түшүндүрүү иштери Өзгөн районунун борбордук базарында уланды. Анда соода жай ээлерине, ижарачыларга жана калкка соода жайларындагы өрт коопсуздук чаралары, өрт кырсыгы катталгандагы баштапкы аракеттер боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР