Жаңылыктар
28.02.2025 21:45
Кароолор: 242
ОШ ОБЛУСУНДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ЖААТЫНДА ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
Бүгүн, 27-февраль күнү Ош облусунда жарандык коргонуу тутуму боюнча 2024-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, райондук акимдер, шаар мэрлери жана жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Эрлан Мусаев 2024-жылда аткарылган иштер боюнча баяндама жасап, жыл ичинде катталган өзгөчө кырдаалдар, алардын кесепеттери жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу маалыматберди.
Өткөн жылы Ош облусунда өзгөчө кырдаалдар көп катталып, алардын ичинен өзгөчө сел кырсыктары олуттуу зыян келтирген:
• 36 сел кырсыгы катталган
• 15 адам каза болгон
• 2141 турак үйгө сел кирген
• 50 турак үй авариялык абалга келген
• 27 турак үй капиталдык оңдоого муктаж
• 46 автоунаага зыян келтирилген
• 246 075 500 сом материалдык чыгым катталган
Облустук кеңешмеде жыйынтык чыгарылып, быйылкы жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Жыйынтыгында облус башчысы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана куткаруучулардын ишин жакшыртуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгына жаңы жабдуулар жана автоунааларды тапшырды.
2025-жылы табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу, жарандык коргонуу кызматтарын чыңдоо жана калктын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатуу багытында иштер күчөтүлөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР