Жаңылыктар
25.09.2026 20:23
Кароолор: 50
ОШ ОБЛУСУНДА ҮЧ КҮНДҮК РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Ош облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн катышуусунда 2026-жылдын 23–25-сентябрь күндөрү өткөрүлгөн республикалык командалык-штабдык машыгуу жыйынтыкталды.
КР Президенти – Жарандык коргонуунун башчысы Садыр Жапаровдун Жарлыгын аткаруу максатында, Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин буйругунун негизинде уюштурулган машыгууда жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, калкты коопсуз аймакка жайгаштыруу, жабыркагандарды издөө-куткаруу жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык аракеттер аткарылды.
Анда калкты убактылуу жайгаштыруу үчүн чатырлар шаарчасы уюштурулуп, жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу иштери көрсөтүлдү. Ошондой эле өрттү өчүрүү, куткаруу иштерин жүргүзүү жана Жарандык коргонуу кызматтарынын өз ара аракеттенүүсү текшерилди.
Жыйынтыгында машыгууга катышкан күчтөрдүн өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы жана өз ара аракеттенүүсү бааланды.
Министрдин орун басары Алмазбек Асанов иш-чаранын соңунда, Жарандык коргонуу системасынын даярдыгын мындан ары да жогорулатуу жана практикалык иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ