Жаңылыктар
16.10.2025 10:29
Кароолор: 235
ОШ ОБЛУСУНДА СЕЛ ЖАНА СУУ ТАШКЫНДАРЫНЫН КЕСЕПЕТИН АЗАЙТУУ БОЮНЧА ИШТЕР ЖҮРҮҮДӨ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин негизги милдети — калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо болуп саналат.
Ушул багытта министрликтин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” жана “Авариялык калыбына келтирүү” иш-мерчемдеринин алкагында Ош облусунун аймагында сел жана суу ташкындарынын коркунучун азайтуу боюнча бир катар иштер аткарылууда.
Атап айтканда, Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл аймагына караштуу Өсөр айылындагы Кыркол-Сай дарыясынын сол жээгин бекемдөө жумуштары 700 метр аралыкта жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө 90 пайызга жакын аяктады. Мурунку жылдары дарыянын оң жээги министрлик тарабынан 2013–2015-жылдары бекемделген болчу. Иш толук аяктагандан кийин 47 турак үй, 1 мечит жана Ош–Баткен автоунаа жолундагы негизги көпүрө сел жана суу ташкындарынан ишенимдүү корголот.
Мындан тышкары, Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагындагы Ачы айылында жаңы ички чарбалык көпүрө курулууда. Бул аймакта 2024-жылдын 14-июль күнү жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, көпүрөлөр бузулган. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан узундугу 20 метр болгон көпүрө куруу иштери жүргүзүлүүдө. Ал “Мады кыргыз – Чек Асан – Чек” айылдарын бириктирип, элдин жол көйгөйүн чечип, сел сууларынын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылат.
2025-жылдын январь–август айларында министрликтин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчеминин негизинде Ош облусу боюнча жалпы 78 объект киргизилип, 16 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Алардын ичинен 75 объектиде иштер толук аяктап, 3 объектиде иштер улантылууда.
Бул иштердин натыйжасында облус боюнча 3341 турак жай, 25 социалдык объект, 3 көпүрө, 2 таза суу кампа, 18,1 км ички чарбалык жол, 49,2 гектар айдоо жер жана 2 мазар ар кандай өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринен ишенимдүү корголот.