Жаңылыктар
13.02.2025 12:40
Кароолор: 286
ОШ ОБЛУСУНДА ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТОО БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ УЛАНУУДА
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Чоң-Алай, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондук бөлүмдөрү тарабынан өрттүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Алдын алуу иштеринде Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Кабак, Кашка-Суу жана Жайылма айылдарындагы 4 мектепке чейин билим берүү мекемелеринде, 3 орто мектебинде , 1 ооруканада, 2 ФАП жана 1 айыл өкмөтүнүн имараттарында өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ал эми Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл аймагында жайгашкан Кара-Кочкор Реабилитация жана ден соолукту калыбына келтирүү борборунда, Кара-Кулжа району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицердик курамы тарабынан "Медициналык уюмдарга өрт коопсуздугунун жалпы талаптары" деген темада түшүндрүү иштери жүргүзүлдү.
Ушул эле иш-чара Өзгөн районунун Мырза-Аке Жалпы дарыгерлер практикалык борборунунда өттү.
Түшүндүрүү иштеринин алкагында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча атайын сунуш баракчалары таркатылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР