Жаңылыктар

24.09.2026 14:06

   Кароолор: 20

ОШ ОБЛУСУНДА ӨКМдин РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУСУ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунун аймагында Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракеттерин практикалык түрдө текшерүүгө багытталган республикалык командалык-штабдык машыгуусун баштады.

Машыгуу Кыргыз Республикасынын Президенти – Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун башчысы Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 29-январындагы №20 Жарлыгы менен бекитилген “2026-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусун даярдоо планынын” негизинде өткөрүлүүдө.

Республикалдык деңгээлдеги иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, ошондой эле Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн жетекчилери жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышууда.

Машыгуунун жүрүшүндө облус аймагында катталган катуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргузүп, кырсык болгон аймакка ыкчам топторду жөнөтүү, урандылардын алдында калган жарандарды издөө жана куткаруу, жабыркагандарды эвакуациялоо, өрттү өчүрүү, зыяндуу заттарды залалсыздандыруу, биринчи медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле калкты коопсуз аймакка чыгаруу боюнча практикалык иштер аткарылат.

Өзгөчө кырдаал катталган аймакта Жарандык коргонуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүсү, атайын жана инженердик техникаларды колдонуу, башкаруу органдарынын ыкчам чечим кабыл алуусу жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга даярдыгы текшерилет.

Аталган республикалык командалык-штабдык машыгуу 23-25-сентябрга чейин өтмөкчү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу