Жаңылыктар

16.05.2026 15:30

   Кароолор: 117

ОШ ОБЛУСУНДА КУТКАРУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ ЧЫҢДАЛУУДА

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин ыкчам жоюу максатында ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын материалдык-техникалык базасы этап-этабы менен жаңыланууда.

Бүгүнкү күндө куткаруучулар заманбап техникалар жана атайын шаймандар менен камсыз болуп, күч-каражаттары толук даярдык абалда кызмат өтөөдө. Башкармалык тарабынан сел кесепеттерин жоюу иштеринин натыйжалуулугун арттыруу үчүн жаңы ассенизатор автоунаасы пайдаланууга берилди.

Мындан сырткары райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнө мото-помпалар, генераторлор, резина өтүктөр жана башка керектүү шаймандар жеткирилип, куткаруучулардын иш алып баруусуна ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Жаңыланган техникалар жана шаймандар 2026-жылдын апрель-май айларында Алай, Араван, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин ыкчам жоюуда өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү.

ӨКМ тарабынан калктын коопсуздугун камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдарга өз убагында чара көрүү багытындагы иштер мындан ары да улантылат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу