Жаңылыктар

03.10.2023 17:58

   Кароолор: 184

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында машыгуу өттү

“5-октябрь — Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата табыгый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүүдө тажрыйбаларды калкка жайылтуу максатында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуунун алкагында жер титирөө, өрт кырсыгы катталган убакта иш аракеттери, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттар менен иштөөсү жана өзгөчө кырдаал катталган учурда өз убагында эвакуациялоо боюнча машыгуу өттү.

Ошондой эле, өрттү өчүрүүдө өздүк курамдын тактикалык даярдыгы, өрт учурундагы кырдаалды баалоодо күжүрмөн аракеттерди чечүүчү багытты аныктоодо, каражаттарды тандоодо биринчи жана кийинки ӨӨЖ (РТП) өрт өчүрүүнүн ыкмаларын жана техникаларын жакшыртуу максатында кеңири чагылдырылды.

Бүгүнкү күндө 652 бейтап жаткан ооруканадагы машыгунун негизинде өрттүн кесепетинен жабыркады деген 5 жаранга Ош областтык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгерлери тарабынан практикалык жардам көрсөтүлдү.

Машыгууга жалпысынан 50 медициналык кызматкер, 653 бейтап , 652 бейтап, ИИМден 7 жана КР ӨКМ Ош облусунунун башкармалыгынын Кара-Суу району боюнча ӨК бөлүмүн 29 кызматкер катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу