Жаңылыктар

10.11.2023 15:04

   Кароолор: 626

ОШ: НООКАТТА ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЧҮРҮЛДҮ

Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Барын айылында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 13:40та Ноокат райондук №71 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.

Өрт саат 14:56да толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу шифер менен жабылган 2 кабатуу турак үйдүн 3 бөлмөсүнүн 67 чарчы метр жана үй эмеректери толугу менен күйүп кеткен.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу